Бишкектин көчөлөрүн оңдоого 40 миллион 157 миң 139 сом коротулат

4 марта 2017 12:18 407 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы калаанын көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн тендер жарыялады. Аталган ишкана жол оңдоо иштери үчүн 40 миллион 157 миң 139 сом сарптоого даяр. Набережный, Каралаев, Куттубаев жана «Аламедин-1» кичи районундагы №1а жана 55-үйлөргө кирген жолдор оңдолуп, жол сызыктары, аялдама комплекстери да жасалат. Тендер 3-мартта жарыяланып, мөөнөтү 24-мартта аяктаары маалым болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1022



Добавить комментарий