Бишкек - Ош жолунда таш түшүп, жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди

27 декабря 2017 11:01 577 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош жолунун 400 чакырымында бүгүн, 27-декабрда, саат 05:00дө таш түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Таштын көлөмү 500 кубметрди түзгөн. Ал жолдун бир бөлүгүн жаап калган. Учурда жолду таштан тазалоо үчүн ал жакка грейдер менен ишчилер жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, жолдорду тазалоо жана жолду бөгөлүшүнө жол бербөө максатында 26-декабрда саат кечки төрттөрдө Жайыл районундагы «Сосновка» бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10214



Добавить комментарий