Кыргызстан парламентинин эң гумандуу эл өкүлдөрү

26 декабря 2017 15:58 1154 Barometr
Поделиться в:
ok

Barometr.kg редакциясы Жаңырган жыл алдында 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты жана эң начар саясатчылары, мамлекеттик органдар жана уюмдарынын тизмесин улантып келет. Анда көңүлүңүздөрдү эң гумандуу депутаттардын рейтингине бурабыз. Ооба, эл өкүлдөрүбүздүн арасында гумандуулары дагы кездешет.

Эске салсак, Barometr.kg сайты буга чейин Кыргызстандын парламентинин эң сексуалдуу депутаттарынын тизмесин түзгөн. Анда хит-параддын негизги критерийи катарында ажарлуулук жана чечендик сапаттарга орун берилген.

Бул жолу биз жогорудагы критерийлерге таянбастан, эл өкүлдөрүнүн жасаган иштерин анализдеп чыгабыз. Депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзамдардын кабыл алынышы, жөнөкөй жарандардын жашоосун жакшыртуу жана жалпы коомчулуктагы эрте нике, педофилия жана башка жалпы коомчулуктагы кемчиликтерден арылуу боюнча сындар жана сунуштарга негиз кылып, басылма өзүнүн рейтингин түзүп чыкты.

Анда хит-парадды баштасак. Тизмедеги 10-орунда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко турат. Ал көп учурда өлкөдөгү балдардын, жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын бузулушу менен байланышткан маселелерди көтөрөт. Илимдер академиясынын көйгөйлөрүн, дегеле өлкөдөгү илимдин абалын мыкты түшүнөт.

Тогузунчу орун КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаевге берилди. Ал, тоо кендери жана электр энергиясы секторунда мыкты ой жүгүртүп түшүнгөн депутаттардын бири. Рыспаев ошондой эле, “акылдуу эсептегичтерди” орноткондорду сындагандардын бири.

Хит-параддагы 8-орунга КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова туура келди. Ал, социалдык, медициналык жааттагы маселелер менен алектенген эл өкүлдөрүнүн бири. Социалдык маселелердин ичинен, Строкова, 20дан баштап 25 жылдан ашуун мугалим болуп эмгектенген окутуучулардын пенсиясына кошумча акча төлөөнү караган мыйзам долбоорун демилгелеген.

«Кыргызстан» партиясынан депутат Алмазбек Токторов рейтингде 7-орунду алды. Эл өкүлү негизинен, социалдык маселелерди көтөрөт жана Жогорку Кеңештин жогорудагы маселелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары. Мумияны жерге көмүүгө каршы чыккан жана аны кайтарып алуу үчүн депутаттык комиссиянын курамына кирген депутаттардын бири. Ошондой эле, Токторов саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин каршылаштарыны бири.

Ошондой эле, саламаттыкты сактоо системасына сын көз караш менен карагандардын бири КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина эсептелет, ал тизмеде 6-орунга чыкты. Бул эл өкүлү дагы социалдык маселелерди козгойт, бирок дайыма медицина көйгөйлөрүнө, бул жаатта иштеген жумушчулардын өздөрүнө дагы курч мамиле кылат. Балким, мындай мамилеси ал депутат болгонго чейин дарыгер болуп иштегени үчүндүр. Анын билдирүүсүнөн кийин коомчулук өлкөдө азыркыга чейин энелердин өлүмү өсүп жатканынан, 3 жылдын ичинде медициналык мекемелердин 120 жетекчиси (250сүнүн ичинен) иштен алынганынан, жана башка толуп жаткан көйгөйлөрдөн кабардар боло баштаган.

Ал эми рейтингдин алтын ортолугу же 5-орун «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты Аида Исмаиловага берилди. Ал дагы чаалыкпастан медицина тармагындагы коррупциялык системаларга каршы күрөшүп келет. Исмаилова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана бул ведомствонун башчысынын ишмердүүлүгүн текшерген ЖК комиссиясына башчылык кылат. Депутат, ага карата моралдык басым жасалганын билдирген. Мындан бөлөк, Исмаилова дары-дармектерди камсыздоо департаментинин ишин көп сындайт, ошондой эле, кургак учук, ВИЧ, СПИД илдеттерине чалдыккан бейтаптар менен байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп келет.

Хит-параддагы 4-орунда КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова турат. Ал дайыма жөнөкөй жарандардын көйгөйлөрүн, балдар үчүн жөлөк пулдар боюнча маселелерди козгоп келет. Ушул жылы кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун бири бул так ушул балдардын жөлөк пулдары боюнча мыйзамы эсептелет. Ага ылайык, өкмөт тарабынан төлөмдөр 2018-жылдын 1-январынан башталышы керек болчу. Бирок жакында эле өкмөт мүчөлөрү депутаттардан бул мыйзамдын мөөнөтүн жылдырууну “суранышкан”. “Кайрымдуу” эл өкүлдөрү да тил алып, балдарды жөлөк пулдан ажыратты.

Өлкөдөгү жаш депутаттардын бири Эльвира Сурабалдиева коррупционер-чиновниктерге чакырык таштаганы менен атактуу болду. Ал рейтингдеги 3-орунга татыды. Сурабалдиева аялдардын укугун активдүү түрдө саясатта гана эмес, ошондой эле, коомчулукта дагы коргоп келет. Бул маселелерге кызыкпаган эркек-депутаттарга карата көрсөткөн анын сынын жана нааразычылыгын баарыбыз эле билебиз. Депутат муну менен бирге ири эмес ишкерликтин укугун коргойт. Дал ушул эл өкүлү сезон кайнап жаткан кезде Ысык-Көлгө салыкчылар келип алып текшерүү жүргүзөрүн, менчик пансионат жана коттедждердин кожоюндарына «эркелеп» алышарын коомчулукка айткан.

Күмүш жана 2-орунга КСДП партиясынан депутат Осмонбек Артыкбаев татыды.

Ал дагы жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын демилгечилерини бири болгон, бирок биз аны тизмеге бул демилгеси үчүн эле киргизген жокпуз. Бул эл өкүлү өкмөт мүчөлөрүнө коомдогу көйгөйлөрдү күчтүү эмоциясыз бирок жумшак жана түшүнүктүү таризде жеткире билет. Эгерде бардык депутаттар Артыкбаевден үлгү алса анда коомубузда депутаттарга гана эмес парламентке дагы көбүрөөк сый-урмат жаралмак. Артыкбаев – Кыргызстандын аймагында 2030-жылга чейин жапайы жаныбарларга аңчылыкты токтотуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири. Ошондой эле эл өкүлүн энелер, балдардын ден соолугу, алардын тамак-ашы боюнча маселелер тынчсыздандырат.  Депутат өзүнүн ишин SUN (Scaling Up Nutrition Movement) тамак-ашты жакшыртууну колдоо боюнча глобалдык маалымат жыйынында тааныштырган. Бул кыймылдын 60 катышуучу өлкөсүнүн ичинен Кыргызстандагы тамак-ашты жакшыртуу жаатындагы жетишкендиктери үчүн Артыкбаев Nutrition Champion Award 2017  жогорку сыйлыгына татыган.

Ал эми биринчи орун «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага берилди. Ал, саясий карьерасында болуп жаткандарга карабастан, катардагы жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлору менен алектенүүнү улантып келет. Былтыр депутат эл өкүлдөрүн Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин каттоосу жок никеге турууга тыюу салган мыйзам долбооруна добуш берүүгө көндүрө алган. Акыркы убактарда коомчулукта 18ге чыга элек кыздарды ала качуу окуялары көп кездешкендиги эч кимге жашыруун эмес. Же болбосо жаш кыздарды алардын каалоосу жок ата-энелеринин макулдугу менен күйөөгө берген учурлар дагы көп. Бул факторлорду эске алуу менен, мындай мыйзам долбоору керек. Ал эми жаза катары күйөө бала, молдо жана ата-энени 3төн 5 жылга дейре эркинен ажыратуу каралган. Бирок талкуу учурунда көпчүлүк эркек-депутаттар эмнегедир мындай демилгеге каршы чыгышкан. Бирок акыры мыйзам долбоор кабыл алынган. Ошондой эле быйыл жашы жете электердин тагдырына байланыштуу болгон дагы бир мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жашы жете электер менен жыныстык катнашка киргендерге карата катаал жазалар колдонулат. Эгерде өспүрүм менен жыныстык катнаш жасалса анда баланын ата-энесинин арызысыз эле кылмыш ишин козгоого болот. Учурда коомдо ата-энелерди дагы сатып алууга болот, андыктан бул фактыны эске алсак мындай мыйзамга талап кылынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10194



Добавить комментарий