Генриетта Фор ЮНИСЕФтин башчысы болуп дайындалды

26 декабря 2017 13:02 703 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш, Генриетта Форду (Henrietta H. Fore) БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) жаңы аткаруучу директору кылып дайындады. Ал бул кызматка Энтони Лейктин ордуна келип жатат. Энтони уюмду 2010-жылдан бери жетектеп келген.

Кырк жылдык тажрыйбага ээ Генриетта Фор АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигин жетектеген биринчи аял аалды.

Буга чейин ал Holsman International инвестициялык компаниясынын башкы директору жана директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалап келген. Мындан тышкары, Фор дүйнөдөгү балдардын ийгилиги жана аларды өнүктүрүү тармагында иш алып барган бир нече коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын төрагасы болгон.

Белгилесек, Генриетта Фор өзүнүн кызматтык милдеттерине 2018-жылдын 1-январынан тартып кирише баштайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10191



Добавить комментарий