Баткенде этникалык кыргыздардын кордолгону тартылган видео талкуу жаратты

26 декабря 2017 10:00 1552 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда, Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздарды ур-токмокко алып жатканы тартылган видео жазуу жарыяланды.

Видеодон кыргыз улутундагы бир топ балдар, мекени Баткен областына келишкен эки этникалык кыргыз жаранын шылдыңдап жатканын көрсө болот. Кызуу кандуу жаштар аларды таяк менен ургулап кордук көрсөтүшкөн. Этникалык жаш жигиттер Тажикстандан келгени үчүн ушундай шылдыңга кабылган.

Интернетте колдонуучулар мындай иш-аракеттерге нааразы болуп, укук коргоо органдарынан мекендештерди сабаган балдарды таап жазага тартууну талап кылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10173



Добавить комментарий