Алай районунда 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду
Алай районунда бүгүн, 26-декабрда, саат 3:02де 5,3 балл күчүндөгү жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук лимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Зилзаланын очогу Кыргызстан, Тажикстан, Кытайдын аймагында, Нура айылынан түштүк-батышынан 24 чакырым, Икизяк айылынын түштүк-батышынан 26 чакырым, Иркештамдан түштүк-батышынан 31 чакырым, Кара-Киндик кыштагынан түштүк-чыгышынан 35 чакырым, Сары-Таштан түштүк-чыгышынан 52 чакырым, Арча-Булак айылынын түштүк-чыгышынан 60 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышынан 140 чакырымында болгон.
Бор-Дөбө, Нура айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 балл, га чыккан, Кара-Киндикте— 3,5 балл, Арча-Булак, Сары-Таш айылдарында болсо — 3 баллга чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркаган жана каза болгондор жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content10172
Добавить комментарий ×