Бүгүн мезгил-мезгили менен карга айланган жамгыр жаап, жолдор тайгак болот
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн өлкө боюнча мезгил-мезгили менен карга айланган жаан жаайт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорго кар жаап, зымдар менен бак-дарактарга кар жабышат.
Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Айырм жерлерде шамалдын багыты өзгөрүп анын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
Бүгүн, 26-декабрда, Бишкекте карга айланган жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми күндүз 15-20 метрге чыгат.
түнкүсүн: -1…+1
күндүз: 0…+2
Чүй областы
түнкүсүн: -3…+2
күндүз: -3…+2
Талас областы
түнкүсүн: -2…-7
күндүз: -3…+2
Баткен областы
түнкүсүн: -3…+2
күндүз: -1…+4
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн: -3…+2
күндүз: -1…+4
Ысык-Көл областы
түнкүсүн: -1…-6
күндүз: 0…-5
Нарын областы
түнкүсүн: -12…-17
күндүз: 0…-5
Ссылка: https://barometr.kg/content10171
Добавить комментарий ×