Мамлекет башчылары биргелешкен документтерге кол коюшту
Поделиться в:
Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 25-декабрда биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Нурсултан Назарбаев Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюлду.
Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга дагы кол коюлду.
Ссылка: https://barometr.kg/content10159
Добавить комментарий ×