Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барды

25 декабря 2017 15:23 593 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда расмий  сапар менен Казакстан Республикасына  барды.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто президентти Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Мамин,  Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин,  Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын  иштери боюнча  убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири  курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы  менен  бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары  биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында  Сооронбай Жээнбековдун  Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу  дагы болжолдонгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content10150



Добавить комментарий