Кызыл-Булак айылынын тургундары таза суу менен камсыздалды
Оштогу Кызыл-Булак айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу КРдын Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын калк отурукташкан аймактарын суу бургучтары жана таза суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, дагы бир кыштактын жашоочулары таза суу менен камсыз болушту.
Кызыл-Булак айылында республикалык бюджеттин эсебинен таза сууну камсыздоочу система колдонууга берилди. «Агенттиктин жетекчилигине тургундар ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар болсо батасын берди. Буга чейин аталган аймакка ичүүчү таза суу жетишсиз болчу», - деп айтылат билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10144
Добавить комментарий ×