Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти.
Аэропорттон Жээнбековду Казакстандын биринчи вице-премьер-министр Аскар Мамин, тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астананын акиминин орун басары Аскар Амрин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитов тосуп алат.
Сапардын алкагында тар жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташтыктык жана ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктан маселелерин талкуулашат.
Жолугушуунун аягында маанилүү документтерге: кыргыз-казак чек арасы тартиби боюнча макулдашуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө.
Ошондой эле мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу күтүлөт.
Астанадагы сапардан кийин Кыргызстандын президенти, Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен жумушчу сапар менен Москвага барат. Ал жакта өлкө башчысы КМШ мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10142
Добавить комментарий ×