Түркияда Гүленге байланышы бар делген 2700дөн ашуун кызматкер иштен алынды
Түркияда диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар делген дагы 2700дөн ашуун кызматкер иштен бошотулду. Жаңы массалык иштен бошотуулар, Түркиядагы өзгөчө кырдаалдын алкагында кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык жасалды. Документ кечээ, 24-декабрда жарыяланган. Бул тууралуу Хурриет басылмасы жазды.
Демек, кызматтан алынгандардын 637си аскер кызматкери, 360ы жандармерия өкүлдөрү, калганы илим, полиция тармагында жана башка мамлекеттик мекемелерде эмгектенгендер болгон. Бардыгы болуп 2756 жаран кызматынан бошотулган.
Эске салсак, Түркиянын бийлиги 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен жана анын кыймылы уюштурду деп ишенет. Гүлен бул дооматтарды четке каккан. Төңкөрүш аракетинен бери Түркияда Гүлен кыймылына байланышы бар деген шек менен 110 миңден ашуун адам иштен айдалып, 50 миңдейи камакка алынган. Гүлен учурда АКШнын Пенсильвания штатында жашайт. Түркия аны экстрадициялоону талап кылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10140
Добавить комментарий ×