Кыргызстанда теракт уюштурайын деп жүргөн жаран кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 13-декабрда эл аралык террордук уюмдун согушкерин: 1990-жылы туулган кыргызстандык Ю.К. кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ю. К. аталган уюмдун катарында болуп, ал жакта диверсиялык-террористтик даярдыктан өткөн жана Сириянын өкмөттүк армиясына каршы согуштук иш-аракеттерге активдүү катышкандыгы аныкталды.
Комитеттен билдиришкендей, уюмдун башчысынын айтымы менен Ю.К. диверсиондук-жардыруу акцияларын уюштуруу жана кыргызстандык жарандарды Сирияга жөнөтүү максаты менен Кыргызстанга келген.
Учурда УКМКнын иликтөө органдары Кылмыш кодексинин 226-4 жана (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагында согуштук иш-аракеттерге же согуштук келишпестиктерге катышуусу) 375-беренелери (Жалданма согушкерлик) боюнча иш козголду.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилип, иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10138
Добавить комментарий ×