Суунун көтөрүлгөнүнө байланыштуу Токмокто өзгөчө абал киргизилди
Поделиться в:
Чүй областы жана Токмок шаарынын аймагына, жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн автовышка, самосвал, экскаватор түрүндөгү техника, ошондой эле, Куралдуу күчтөрдүн 40 аскер кызматкери, ӨКМнин 27 куткаруучусу, Токмок коммуналдык комбинатынын төрт кызматкери тартылды.
24-декабрда Саадаев көчөсүндө 3 көпүрө алынды, Жаантаев көчөсүндө жер астындагы сууларды төмөндөтүү үчүн дренаждык иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Слабодской, Октябрга 70 жыл, 8-Март, Родников, Космодемьянская жана Ибраимов көчөлөрүндө арыктардын жанындагы бактар кыйылып, Чүй айылында дренаждык иштер аткарылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10136
Добавить комментарий ×