25-27-декабрь күндөрү көпчүлүк аймактарга кар жаайт

25 декабря 2017 10:19 838 Barometr
Поделиться в:
ok

24-25-декабрь күндөрү түнкүсүн Кыргызстан боюнча кар жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

25-декабрда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын областтарында жер-жерлерге жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми Ысык-Көл областында күн ачык болуп, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын багыты өзгөрүп, айрым райондордо анын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрег чейин жетет.

26-27-декабрь күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарына кар жаайт. Жааган суу кар зымдар жана бактарга жабышат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

28-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 29-декабрда өлкөдө күн ачык болуп, абанын температурасы төмөндөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10130



Добавить комментарий