Кадыров: «Теракт жасоого даярдангандарды чек арадан өтөрү менен жок кылабыз»

25 декабря 2017 10:08 836 Barometr
Поделиться в:
ok

Чеченстанда теракт жасоого ниеттенген экстремисттердин аракеттеринен сактап калуу боюнча даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн башчысы Рамзан Кадыров билдирди.

«Биз азыр билебиз, бизде бир нече шайтандар тууралуу маалымат бар, аларды Чечен Республикасында теракт жасоого жиберишкен. Азыр алар Грузияга келип калышты»,- деди ал.

«Биз аларды күтүп жатабыз. Качан чек арадан өтөрү менен аларды дароо алып кетебиз же жок кылабыз», - деп кошумчалады мамлекет башчы.

«Бардык каналдарды, кириш-чыгыштарды көзөмөлгө алдык. Анткени эгер алар өлкөгө жетип калышса чыны менен эле жардырышат. Ошондуктан биз күн мурунтан алар кайда жана эмне менен алектенип жатканын билишибиз зарыл»,-деп белгиледи Кадыров.

Буга чейин Рамзан Кадыров Чеченстанда терроризм толугу менен жок кылынганын жар салган болчу. «Республикада эч кандай террордук жашыруун уюмдар жок! Бирок жаштарды экстремисттик иштерге тартуу уланууда. Анын артында батыштык атайын кызматтар турат, алар Европада отуруп алып күндүз-түнкүсүн интернетте бүлдүрүүчү иштерди жасап жатышат»,-деп билдирген ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content10128



Добавить комментарий