Министр прапорщиктин кызматтык батирин иликтөөнү тапшырды

25 декабря 2017 09:36 1298 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ӨКМнин Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин прапорщиги Назима Муканбетованын кызматтык батирине байлыныштуу чатак боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Муканбетованын кызматтык батирин алып коюшкан, ал эми батирдин ачкычын Алмазбек Атамбаев өлкөнүн президенти болуп труган кезде тапшырган болчу.

Кызматтык батир, прапорщик бойдок жана жаш болгону үчүн ведомствонун эсепчисине берилген.

Министр Бороновдун тапшыруусу боюнча министрликтин статс-катчысы Азамат Мамбетовдун башчылыгында комиссия түзүлдү.

Комиссия Назима Муканбетованын арызын кылдат иликтеп, иштин жыйынытыгында кошумча маалымат берилмекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content10125



Добавить комментарий