Төрага үч эмдин апасына кир жуугуч машина белек кылды

25 декабря 2017 09:09 1008 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Жумабеков  22-декабрда Ош областындагы Кара-Суу районундагы Эркин айылына үч эмдин апасы Кызжибек Марипованын үйүнө барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер балдарын атасыз татыктуу өстүрүп жаткан Кызжибек Мариповага ыраазчылык билдирди.

«Сиздей энелер бар үчүн биздин элдин келечеги жарык. Балдарыңыз үмүт-ишенимиңизди гана актабастан өлкөбүздүн атын алыска тааныткан инсан болуп өсүшсүн»,-деди ал.

Жумабеков, балдарга жаңы жылдык белектерди, Мариповага кир жуучу машина берди жана төраганын фондусунан бөлүнгөн 50 000 сом көлөмүндөгү каржылык жардам көрсөттү. Кызжибек Марипова көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жолугушуу ал үчүн Жаңы жылдын алдындагы белги катары эсептелерин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10124



Добавить комментарий