Мыкты актер Сатылган Сазаев мугалим болуп калдыбы?
КРнын эмгек сиңирген артисти, мыкты актер Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрын 4 жыл жетектеп, аны бутунан тургузуп, жакшы жетекчи болгон. Аталган театрдын 75 жылдыгына карата, 40 жылдан бери уюштурула элек эл аралык фестивалды өткөргөн. Андай салтанатка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Татарстан мамлекеттеринин Куурчак театрларынын өнөрпоздору келип, катышкан. Ушундай нерселерди кылса да жетекчиликтен алып коюшкан.
barometr.kgден азыр эмне иш менен алектенип жатканы боюнча сурадык. “Чынын айтсам, жетекчиликтен эмне себептен алгандары боюнча билгеним жок. Анда маданият министри Түгөлбай Казаков болчу. Ал киши мени жетекчиликтен алгандан кийин, өзү Кыргыздрамтеатрга (бул жерде 30 жылдай өмүрүн арнаган) ээрчитип барып, оозеки эле “кайра жумушка алгыла” деген. Ал жердин жетекчиси “көркөм кеңеш чечет” деген. Көркөм кеңеш али карай элек бул маселени. Күтүп жүрөм. Азыр Б.Бейшеналиева атындагы институтта сабак берип, мугалим болуп жүрөм. Менин маселем Жаңы жылдан кийин каралат окшойт. Себеби, Жаңы жылга саналуу гана күн калбадыбы. Учурдан пайдаланып, кыргыз элимди келе жаткан Ит жылы менен куттуктайм. Иттей жакшы жыл болсун”,-дейт актер Сатылган Сазаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content10111
Добавить комментарий ×