Кыргызстандын парламентинин эң сексуалдуу депутаттары

23 декабря 2017 13:01 2127 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жылдын алдында Barometr.kg редакциясы Кыргызстандын парламентинин сексуалдык ондукка кирген депутаттарынын тизмесин түзүүнү чечти.

Белгилесек, сексуалдуулук түшүнүгү бул жерде салыштырмалуулук маанисинде берилди. Өлкөдө эл шайлаган эл өкүлдөрүнүн саны жетишерлик. Бирок кыздар биринчи кезекте кулагы жана көзү менен сүйүшөт эмеспи. Ал эми депутаттардын баары эле чебердик менен сүйлөгөндү биле бербейт да.

Мына ушул стандарттык эмес критерийлерге негизделип, биз Кыргызстандагы депуттардын кайсынысы редакция түзгөн сексуалдык ондук тизмеге кирерин аныктап көрдүк.

Демек, биздин жагымдуу депутаттар хит-парадыбызды 10-чу орунга келген Айбек Алтынбеков ачты.

Ал - «Республика - Ата Журт» фракциясынын өкүлү, 39 жашта. Интернет мейкиндиги бул депутаттын өтмүшү тууралуу «айтпай келет», анын резюмесинен башка эч нерсени көрө албайсың. Андыктан биз дагы анын өткөн жашоосуна кайрылбастан жөн гана ага суктанабыз. Бул эл өкүлүнүн сүйкүмдүү келбетин, акыркы жылдары алган бир аз ашыкча салмагы дагы бузбайт. Ошон үчүн дагы биз кошумча салмакты «кечирип» аны бул тизмеде калтырдык. Анын үстүндө тергөө абагында отурса салмак кошмок тургай тескерисинче болуп жаткандыр.

Рейтингдин 9-оруну «Кыргызстан» фракциясынын 42 жаштагы депутаты Канат Исаевге ыйгарылат.

Ал эми 8-орунда «Республика - Ата Журт» фракциясынын лидери Руслан Казакбаев турат. Ал, Бабанов өлкөдөгү президенттик шайлоолордон кийин фракция лидерлигинен өз эрки менен кеткендиктен, жакында эле бул фракциянын лидери болгон. Парламентке чейин ал тышкы иштер министри болуп иштеген. Негизи, депутат дипломаттын карьерасынын бардык тепкичтерин басып өткөн. 50 жашта болгонуна карабастан, Казакбаев бир караган кишиге алда канча жаш көрүнөт.

Жетинчи орунда турган Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков учурда 41 жашта. Ал спорт менен активдүү түрдө машыгып турат. Грэпплинг боюнча эл аралык турнирге катышуу үчүн АКШГа чейин барып, ал турсун медаль да утуп келди. Анан албетте депутат чуркоо менен да алектенеп, марафондо бир нече жолу чуркаган (эми азырынча 10 чакырымга).

Рейтингдеги алтынчы орунду депутат Канат Керезбеков алды. Ал КСДП фракциясынын өкүлү. Парламентке депутат ушул жылдын башында гана келген. Ага чейин ал Юридикалык академиянын ректору болуп иштеген. Учурда эл өкүлү 47 жашта, а бирок сыртынан караганда өзүнүн курагынан бир топ жаш көрүнөт, эч ким аны жарым жашоону жашап койгон деп айта албайт.

Хит-параддын алтын ортолугу (золотая середина) же рейтингдин 5-оруну 48 жаштагы Аскарбек Шадиевге таандык. Белгилесек, ал жакында эле өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалган, бирок Конституцияга киргизилген жаңы оңдоолорго ылайык, анын депутаттык мандаты сакталат. Ошон үчүн да аны биздин рейтингге киргиздик. Негизи Шадиев биринчи жолу депутаттыкка тээ 2005-жылы Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында шайланган. Андан кийин кийинки чакырылышта шайланып, энергетика министри болуп бир аз убакыт иштеди. Андан кийин ал кайрадан «Бир Бол» фракциясынан талапкерлигин койгон. Бүгүнкү күндө Шадиев өлкөдө бир эле убакта депутат дагы, өкмөттүн мүчөсү дагы. Анын келбети ырчы Валерий Сюткинге да окшошуп кетет, туурабы?

Ал эми 4-орунда «Бир Бол» фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев турат.

Ажарлуу келбетке ээ бул эл өкүлү 50 жашта болсо дагы сырткы параметрлери боюнча биринчи үч депутаттан кем калышпайт. Бирок, биздин критерийге (аялзаты кулагы менен сүйөт) ал бир аз туура келбей калат. Анткени депутат көп сүйлөбөйт, сүйлөсө дагы аз бирок саз сүйлөйт. Имиштерге караганда, Бакчиевге кыздар дале сүйүүсүн арнап келишет.

КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев 3-орунга туура келди. Келбетине кылдаттык менен көңүл бурган эл өкүлү учурда 47 жашта. 2008-жылы ал биринчи жолу депутат болуп шайланган, 2015-жылы КСДП тизмесинде парламентке кирген. Ошондой эле, Арапбаев Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктайт деп дагы айтылып жүрөт.

Күмүш, коомчулуктун сүймөнчүлүгү болгон, 2-орунду алган, «Республика Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго ыйгарылат. Өлкөдө аны дээрлик ар бир жаран тааныйт. Бабанов октябрда өткөн президенттик шайлоолорго катышып, анын баннерлери республиканын бардык аймактарына илинген. Аялдардан сырткары аны ошондой эле жаштар дагы сүйөт. Кай бирине анын келбети жакса, айрымдары чечендигин баалашат. Бабанов жылкыларды жакшы көрөт жана аларды ат чабыштарга чыгарып турат. Мындай сапат аялдарга жакпай койбойт эмеспи. Орто статистикалык жарандардын баардыгы эле таза кандуу асыл тукум жылкыларды кармап бага албайт, баарынын эле колунан келе бербейт, бул эч кимге жашыруун эмес. Интернеттеги маалыматка ишене турган болсок, анда Бабанов Кыргызстандагы эң бай адам болуп эсептелет, анын байлыгы 1,5 млрд долларды түзөт. Баса, ажарлуу келбетке ээ ишкер учурда 47 жашта. А бирок канчалаган жүрөктөрдү жаралаганга жетишти….

Биздин жагымдуу депутаттар хит-параддын башында Исхак Пирматов турат. Алтын биринчи орун ага ыйгарылат. Ал парламентке «Бир Бол» фракциясынан шайланган. 44 жашта, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Пирматовдун социалдык тармактагы баракчасына көз жүгүртсөк, ал спорттун тоо лыжасы, жөө жүрүү туризми менен алектенип, калаадагы спорт залдарынын биринде ден тарбия көнүгүүлөрү менен машыгып турат. Пирматов-аялзатынын кыялындагы эркек!

Ссылка: https://barometr.kg/content10109



Добавить комментарий