Бишкек мэриясы 320-350 автобус сатып алууну пландоодо
Поделиться в:
Бишкек мэриясы 3,5 млрд сомго 320-350 автобус сатып алууну пландап жатат. «Газпромбанк» «Газпром Кыргызстан» ишканасына акча бөлөт, ал жылдык 12% менен Бишкек мэриясынын муниципалдык облигацияларын сатып алмакчы.
Болжонгондой, автобустар газ менен иштей турган болот.
Буга чейин мэр Албек Ибраимов, шаардагы баардык маршруткаларды алмаштыруу үчүн 500-800 автобус керектелерин билдирген болчу.
Айрым маалыматтарга ылайык, азыркы тапта 121 шаардык каттамы боюнча, калаада 2,7 миң кичи автобус тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10105
Добавить комментарий ×