Тилектеш Бегалиев Судьяларды тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланды

22 декабря 2017 16:11 649 Barometr
Поделиться в:
ok

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жаңы курамы 22-декабрда биринчи жыйынын өткөрдү. Анда Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич аталган кеңештин төрагасы болуп дайындалды. Ал эми Барыктабасова Эльмира Турганбековна төраганын орун басарлыгына шайланды.

Мыйзамга ылайык, төрага жана анын орун басары ачык добуш берүү менен 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш бекиткен күндөн тарта, бир айдан кеч эмес убакыт ичинде биринчи жыйынга чогулат.

Жогорку Кеңеште кечээ, 21-декабрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн добуш берүү өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында кеңештин жаңы курамына 9 киши жактырылган:

- Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич;

- Барыктабасова Эльмира Турганбековна;

- Горшковская Ирина Вадимовна;

- Калбаев Алмаз Тургуналиевич;

- Камчыбеков Шералы Равшанбекович;

- Кошокова Гүлжана Жарматовна;

- Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;

- Монолов Айбек Кытайбекович;

- Сопубекова Назира Толоновна.

Ссылка: https://barometr.kg/content10097



Добавить комментарий