Сатылбайт! Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн акысыз алса болот

22 декабря 2017 15:17 613 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-декабрда, президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү, Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрү боюнча маалыматка түшүндүрмө берди.

Социалдык тармактарда президенттин портреттерин сатыкка коюу жөнүндө чыккан маалыматка байланыштуу, мамлекет башчысынын расмий бекитилген сүрөтү сатыкка чыгарылган эмес жана чыгарылбайт деп маалымдалат.

КРдын бардык каалоочу мамлекеттик органдары менен башка уюмдарга салттуу түрдө, Сооронбай Жээнбековдун портрети Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана президенттин иштерин башкаруу боюнча башкармалык тарабынан берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10092



Добавить комментарий