Бүгүн Кыргызстандын туусунун кабыл алынган күнү, Ош мамлекеттик окуу жайы муну салтанаттуу белгиледи
Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Ыйман, адеп, маданият жылына жана 3-март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата мекенчилдик иш-чара иш күнүнүн башталышы менен, эртең менен саат 8-00дөн тартып университеттин башкы имаратынын алдында профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда өттү. Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Кыргызстандын эң башкы символикаларынын, атрибуттарынын бири болгон КРнын туусунун 25 жылдыгы менен куттуктап, туу мекенибиздин ар бир жараны үчүн ыйык, баалуу экендигин белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүндө тууга болгон урматтоо сезими жашап турсун деген тилегин билдирди. Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстан Калкынын Ассамблеясынын Ош облусу боюнча төрагасы, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов туу күнү менен куттуктап “Жүзүңөр жарык, тууңар бийик болсун” –деди.
Ссылка: https://barometr.kg/content1007
Добавить комментарий ×