Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 өрт катталды
Поделиться в:
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, 21-декабрдан 22-декабрга караган күнү 12 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жалал-Абад шаарында Чутская-Тешебаев көчөлөрүнүн кесилишинде сарай толугу менен, ошондой эле 6 чарчы метрлик аянттагы үйдүн чатыры күйгөн. Өрт ошондой эле дагы бир турак жайдын чатырын жалмап кеткен. Учурда өрттүн себеби аныкталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10069
Добавить комментарий ×