Күн сайын учуп турган Ош-Москва аба каттамы ачылат

21 декабря 2017 16:43 701 Barometr
Поделиться в:
ok

Күн сайын үзгүлтүксүз «Ош-Москва» боюнча аба каттамы 2018-жылдын жай мезгилинен тартып ишке ашырылат. Бул тууралуу Россиянын аба транспортунун федералдык агенттигинин сайтында маалымдалган.

Россиялык «Аэрофлот» компаниясынын учактары бул маршрут боюнча каттамдарды кийинки жылы жайында баштайт. Кыргызстандын Жарандык авиациясы жана Россиянын жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясат департаментинин ортосунда келишим түзүлдү.

Күтүлгөндөй, каттамдардын санын көбөйтүү, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы таасирин берет жана эки өлкө ортосунда жүргүнчү ташууда алардын талабын канааттандырууга өбөлгө түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10054



Добавить комментарий