Турак жай өрттөнүп, анын кесепетинен үй ээси катуу жабыркады
Поделиться в:
Ысык-Көл областында чыккан өрттүн кесепетинен би радам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
20-декабрда, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы Умаров көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен керебет, матрац, жаздык, одеял, терезе, пол күйүп кеткен.
Үйдүн кожоюну, 1980-жылы туулган В.С. ууланып райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Өрт, тамеки чегүүдө кылдатсыздык мамиле жасагандан улам келип чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10045
Добавить комментарий ×