Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Зилалиев отставкага кетти

21 декабря 2017 11:00 458 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович отставкага кетти.

«Кайсы жерде иштебейин, мен дайыма чынчыл, толук берилүү менен иштегенге умтулдум. Бирок белгилүү болгондой, жакында эле мага, бомба тууралуу билдирүү тараткан деп айып тагылды. Бул факт коомчулукта чоң резонансты жаратты. Ал эми маалымат жана электрондук каражаттары буга байланыштуу массалык психикалык бузулуу жана мага карата куугунтуктоолорду баштады. Бул жагдайлар, албетте, менин кадыр-баркыма жана ар-намысыма зыян келтирди. Мындай түзүлгөн кырдаалда бул кылмыш иш боюнча аягына чейин териштирүү жүргүзүлгөнгө дейре отставкага кетүү жалгыз туура жол деп эсептейм. Өкмөт башчыга тиешелүү арызымды бердим», - деп айтылат анын кайрылуусунда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10033



Добавить комментарий