Баткендеги көмүр шахтасында иске ууланган жаран каза тапты

21 декабря 2017 10:43 562 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен областында көмүр казуу боюнча иштердин жүрүшүндө бир киши каза тапты. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарында кечээ, 20-декабрда, саат 20:42лерде ӨКМнин 6 куткаруучусу шахтадан 80 метр тереңдикте жаткан (1979-жылы туулган) С.А. аттуу жарандын сөөгүн алып чыгышкан. Маркум газдын исине ууланып каза тапкан. Анын сөөгү Кызыл-Кыядагы шаардык оорукананын моргуна жөнөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content10031



Добавить комментарий