Базар-Коргондо үч киши ботулизм дартына чалдыкты
Жалал-Абад областында ботулизмдин очогу аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Базар-Коргон районунда 19-декабрда, Таш-Булак айылында бир нече үй-бүлө мүчөлөрү үй шартында жасалган салаттан ууланышкан.
Ошол эле күнү 1994-жылы туулган Н.О. го «Ботулизм» аныктамасы коюлган. Жаран райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Мындан тышкары жугуштуу оорулар бөлүмүнө 1968-жылы туулган М.Н. жана 2012-жылы туулган Н.О. жаткырылган. Бейтаптар ботулизмге каршы дарылоо процедураларынан өтүп башташты.
Үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсүнүн абалы жакшы. Дарыгерлер жана санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content10027
Добавить комментарий ×