Бишкектеги батирлердин биринен жаш кыздын сөөгү табылды

21 декабря 2017 09:26 1320 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги батирлердин биринен жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Маалымдалгандай, ӨКМнин куткаруучулары, Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан батирдин бекилген каалгасын ачышкан. Үйдүн ичинен болжол менен 23-25 жаштардагы кыздын сөөгү табылган.

Куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине тапшырган.

Учурда маркумдун өздүгү жана анын эмне себептен каза болгону такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10019



Добавить комментарий