Асилбек Жээнбеков, ЖКнын депутаты: «Медицина тармагында миллиондогон акчалар тегеренип жатат»
2017-жылдын 3-мартында атайын фракциялык жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев дарылардын саясаты боюнча отчёт берди. Бул жерде сөз алып сүйлөгөн Асилбек Жээнбеков «2010-жылга чейин бир дагы оорукана курулган эмес. Жеке клиникаларды ачып жатасыздар бирок анын кадрдык жана каржы иштерин ким көзөмөлдөйт? Жеке менчик клиникалар менен мамлекеттик клинкалардын айрымасы бар деди эле министр айрымасы бар экенин, алар отчётту министрликке бербейт. Айлык акылары канча экенин биз көзөмдөлдөй албайбыз. Эсимде 2008-жылы сапаттуу медик табылбай 1000 долларга Минсктен алып келишкен. Мамлекеттик ооруканалар жеке менчик клиникалардай эле кардарларды тейлейт деп жооп берди. Буга ыраазы болбогон Асилбек Шарипович Ошол эле учурда айыл жеринде, бийик тоолу жерде медиктер жетишпейт, себеби ал жакта акча жок. Медицина тармакта миллиондогон акчалар тегеренип жатат. Эгерде мыйзамдар керек болсо алып келгиле биз карап беребиз деп айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content1001
Добавить комментарий ×