Чыпалак баатыр видео кайрылуу жасады: "Мени атайын уят кылышты, ал каналга кайра барам"
Чыпалак Баатыр деп өзүн атаган Зарылбек акыркы убактарда маанисиз видеолорду чыгара берип, ар кайсыны сүйлөй берип элдин талкуусуна калып жатат.
Маалым болгондой Чыпалак баатыр жергиликтүү телеканалдардын бирине эфирге барган, ошол жактан ага күчүн текшерүү иретинде гира көтөрүүнү сунушташкан. Торпокту көтөрүп чапкан Чыпалак баатыр ал жолу гираны көтөрө алган эмес. Бул видео интернетке кыска убакыттын ичинде тарап, коомчулук катуу талкууга алган.
Бул окуядан кийин Чыпалак баатыр калкка видео кайрылуу жасады. Анын айтымында гираны көтөрүү учурунда анын жанында "бор" жок болгондуктан көтөрө алган эмес.
"Мен айткам "бор" жок болсо болбойм, майланышат дегем. Чындык болбой калды. Мен ал каналга кайра барам. Мен аларга инстаграмга жүктөбөгүлө деп айткам, болбойле жүктөп салышыптыр. Майланышканда вес келбейт. Ушинтип эле баары бузулат да" -деди ал кайрылуусунда.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-video-kajryluu-zhasady-men-al-kanalga-kajra-baram
Добавить комментарий ×