Чыпалак баатыр гира көтөрө албай уят болдубу?

26 ноябрь 2018 14:12 2835 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Чыпалагы менен оор нерселерди көтөрүп, "Чыпалак Баатыр" деген аты менен таанылган Зарылбек аттуу жигитибиз акыркы убактарда ар кандай видеолорду чыгарып, ырларды каалагандай ырдап интернетке жүктөп, ал тургай UFCнин чемпиону Хабибке дагы чакырык таштаганы менен талкуу болуп кеткен. Эми жакында эле Оштогу бир телеканалдардын бирине конок катары чакырышып, гира көтөртүп сынашкан. Чыпалагым менен Хабибди бат эле талкалап коём деген Зарылбек гираны көтөрө албай элге уят болду. 

Мындай көрүнүшкө көпчүлүк эфирге чыгарбай эле койбоптур деп алып баруучуларды айыптаса, айрымдары Чыпалак Баатырдын уят болуп интернетке болбогон видеолорду жүктөп бизди уят кылып жатат деген ойлорун калтырышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-gira-ktr-albaj-uyat-boldubu



Добавить комментарий