Чыпалак баатыр башкы ролду ойногон кино чыкты
Коомчулука “Чыпалак баатыр” аты менен белгилүү болгон Зарылбек аттуу жигит алгач чыпалагы менен оор салмактуу гираларды көтөрүп таанылса кийинчерек өзүн куудулдук жактан сыноого өттү.
Ал өзүнүн Ютубдагы жеке каналына ар кандай багыттагы видеолорду жүктөп келет.
Бул жолу Чыпалак баатыр өзүн актер катары сынап көрүп “жаңы кино” деп видео тасма жүктөдү. Тасма интернетке чыгаары менен катуу талкууну жаратты. Ал “кинодо” Зарылбек башкаруучунун ролун аткарганын көрүүгө болот.
Тасма интернетке чыгаары менен пикир калтыргандардын бири “атың чыкпаса жинди бол” деп катуу сынга алды. Сындагандардын катарында Чыпалак баатырга колдоо көрсөткөндөр да болду.
Эске салсак, Чыпалак баатыр кытайларга айтылган сөздөрү үчүн түшүндүрмө берүүгө милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-bashky-roldu-ojnogon-kino-chykty
Добавить комментарий ×