"Чыпалак баатыр" атын өзгөрттү. Эми ал жаңы образда чыгаарын жар салды
Поделиться в:
Коомчулука "Чыпалак баатыр" деген каймана ат менен белгилүү болгон Зарылбек 2019-жылга койгон пландар менен бөлүштү. Бул боюнча тартылган видеосун ал өзүнүн ютубтагы жеке каналына жүктөдү.
Чыпалак баатыр жаңы видеосунда 2019-жылдан баштап эң оболу каймана атын "Күчмэн" деп өзгөртүп башка образ менен чыгаарын айтты.
Зарылбек "Күчмэн" быйыл алып баруу, актёр, рекордчу болуп элге өнөрүн тартуулаарын айтып, күйөрмандарынан колдоп берүүсүн суранды.
Ал эми пикир калтыруу бөлүмүнө өткөндө элдин адаттагыдай эле "Чыпалак баатырды" сынга алуудан тажаша электигин көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/chypalak-baatyr-atyn-zgrtt-emi-al-zhay-obrazda-chygaaryn-ajtyp-chykty
Добавить комментарий ×