Чыныбай Турсунбеков: Кыргызстандын ар бир аймагында өзүнүн бренди бар, аларды өнүктүрсөк, өлкөбүз өнүгөт

22 февраля 2019 12:57 1517 Альбина Метерова
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 2018 жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланса, үстүбүздөгү 2019  жыл дагы "Аймактарды өнуктүрүү жана санариптештирүү жылы деп аталды. Эмне себептен 2 жыл катары менен  бул маселеге мындай басым жасалып жатат?  Дегеле элет жериндеги  элдин жашоосун канткенде жакшыртабыз? Бул жаатта биз Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков менен баарлаштык. 


Чыныбай Акунович, ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей, үстүбүздөгү  жылды кошкондо, акыркы 2 жылда  Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурулуп жатат. Бул маселе кагаз жүзүндө калбашы үчүн  сиздин оюнузча кандай иш аракеттер көрүлүшү керек? 

- Эсиңерде барбы жокпу билбейм. Илгери Советтер Союзу учурунда компанейшина деген көрүнүштөр болоор эле. Анда бир  маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, ошонун айланасында иш журуп, башка көйгөйлөр  унутта калчу. Ошондой компанейшина жүрбөш үчүн, кандай маселе болбосун, аны алып чыгууда системалуу план болушу керек. Ал бир жылдык эмес, 5-10 керек болсо, 20 жылга алдыга  түзүлүүсү шарт. Анын натыйжасында баардык бийлик бутактары ошол  пландарга карата өзүнүн иш-чараларын иштеп чыгышы керек. Мисалы мыйзам чыгаруучу орган мыйзамдарды кабыл алса, аткаруу бийлиги финансы булагын камсыздап аны ишке ашырышы керек.

Албетте негизи, «Региондорду өнүктүрүү маселеси 2040- жылга чеийинки  стратегиялык пландардын алкагында  иштелип  чыгышы керек.

Мисалы, биринчи кезекте, ички жана сырткы миграцияны токтотуу  үчүн, жумуш орундарын түзүү , ал үчүн биринчи кезекте орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү керек. Чоң- чоң инвестицияларды тартуу үчүн  жагымдуу климат түзүү, мамлекеттик  Кыргыз –Орусия фонду сыяктуу  фонддордун насыяларын  жеңилдетилген шартта берүү маселеси чечилиши керек. Башкача айтканда,  биринчи кезекте мамлекет өзү жергиликтүү бийликтин өз алдынча иштешине көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериши керек.

- Аймактарды өнүктүрүүдө Жогорку Кеңештин, жалпы эле депутаттардын ролу кандай? 

- Албетте, Жогорку Кеңештин ролу бул жаатта өтө маанилүү. Эгерде парламент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жакшы иштешине нормативдик укуктук –база түзүп бербесе, салыктыктарды жергиликтүү бийликтин казынасына тушө тургандай кылып салыктык кодексте өзгөртүүлөрдү кабыл алып бербесек, анда жергиликтүү бюджет кайдан каражат таап, кантип  өнүгөт?   Андыктан депутаттар, дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамдарды күчөтүп, аларга көбүрөөк салык каражаты түшө тургандай кылып шарт тузуп беришибиз керек.

Бир эле мисал, Таласта Казакстандын сүт өндүрүүчүлөрү тарабынан контрабанда күчөп биздин жергиликтүү ишкерлердин ишине  тоскоолдук жаратып жатат. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн мыйзамдык негизде укугу көбүрөөк болсо, алар ошол жерде иштеп жаткан сүт өндүрүүчү компаниялардын иштешине, коңшулардан келген контрабандага бөгөт коюууга кызыкдар болот эле. Башкача айтканда, мыйзамдын негизинде жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органдарынын колу бутунун узарышы, алардын жоопкерчилигин  да  бир топ кеңейтмек.

Айтсаңыз, учурда Кыргызстандын бир аймагында элдин жашоо шарты жогору, экинчи региондун абалы көңүл жылытаарлык эмес экенин көрүүгө болот. Мындай абалга ким жоопкерчиликтүү. Ошол жерде иш алып барып жаткан айыл өкмөтү, акимдерби же аларга шарт тузуп бере албаган өкмөтпү? 

- Аймактар качан өнүгөт? Мамлекеттик саясат менен жергиликтуу бийликтин иши шайкеш келгенде гана өнүгүүнү байкоого болот. Алсак,региондорду өнүктүрүү стратегиялык  программада каралган, ал жерде ар бир аймакка тиешелуу пландар болушу керек. Ошол максаттарды ишке ашырам деген жоопкерчилиги күчтүү, профессионалдык деңгеээли бийик адамдар иштеши керек. Дагы бир жолу айта кетейин аймактарды өнүктүрүү үчүн, жергиликтуу бийликтин укуктарын күчөтүү керек. Алалы, айыл өкмөттөрү, акимдер инвестиция тартуу боюнча иш алып баруунун алкагында жергиликтуу ишкерлерден жардам сурайт. Бирок ошол эле убакытта жергиликтуу бийлик органдарында көп деле укук жок. Алар ишкерге бир ишкана ачуу учун жер гана болуп бере алат. Болду башка эч нерсе кыла албайт. Ал жерге инфаструктура,башкача айтканда  суу, свет, жол, суу  жана башка толтура маселени чечүү үчүн айыл өкмөтү республикалык бюджеттен акча сурайт. Ал эми бюджетте акча жок десе, ошону менен ишкерге эч кандай шарт тузуп бере албайт. Ал эми инфрасттруктура тузүлбөгөн жерге эч кандай инвестор келбейт.

Мисалы айтсак, Кеминде Орловка шаарчасында «Алтын Кен» кен иштетүүчү ишкана  иштейт, ал жакта салыктан түшөн акчага айыл өкмөтү  ошол аймакка жол, мектеп, бала –бакча маселесин чечип берип койсо болмок, бирок алар ушул көйгөйду чечүү үчүн  республикалык бюджеттен акча суроого мажбур, себеби өзүлөрүнүн укугу чектелуу.

Аймактар жөнүндө айтып жатканда, биз ички жана тышкы миграция маселелерин козгобой кое албайбыз. Анткени айылдарда ар бир  экинчи үйдүн уулу, келини же кызы чет жерге иш издеп кеткен. Айтсаңыз, канткенде биз миграцияны токтотуп, аларды мекенибизге кайра алып келе алабыз?

- Ачыгын айтканда, Кыргызстандын экономикасын кармап келе жаткан адамдар, биздин мигранттар десек болот. Айтсак, мигранттар өткөн жылдын жыйынтыгы менен экономикага  дээрлик $2,5 млрд  салым кошушкан. Муну менен катар сырттан валюта алып келген алтын тармагы менен тең тайлашып экономикага валюта алып келип жаткан адамдар – булар мигранттар. Алардын жардамысыз, биз импорт менен экспорттогу дефициттти жое албайт болчубуз. Алар чет жерде өз жанын гана бакпастан, Кыргызстанга да акча салып, тууган туушканын багып, экономикага чоң салым кошуп  келе жатышат.

Андыктан, биздин биринчи милдет, мигранттар кайсы өлкөдө жашабасын аларга ошол өлкөдө иштөөсүнө татыктуу шарт түзүп берип, экинчиден өз мекенине келгенде да (эгерде башка өлкөнүн жарандыгын алган кундө да) кайсы бир кызматка келип иштөөгө, татыктуу пенсия алуусуна шарт тузүшүбүз керек. Анан албетте  жумуш ордуларын түзүшүбуз керек.

Жогоруда инвесторлорду айылдарга тартуу керек деген ойду айта кеттиниз. Бирок тилекке каршы, биз канчалаган демоорчулорду чакырганыбыз менен, алардын аймактарда иш алып кетүүсү кыйынга туруп жатат деген даттануулар да жок эмес. Дегеле инвестор кандай жагдайда өлкөгө келет?

-Эсиңиздерде болсо, Кыргызстан эгемендикти жаңы алган күндөрү, өлкөбүз «демократия аралчасы» аталып, мамлекетибизге көптөгөн инвесторлор  кызыгып келе баштаган. Мисалы, Токмокто сыналгы  чыгарабыз деп да чет элдик ишкерлер келип, телевизорлорду  чыгарып, алар Россияга чеийин сатылып, жакшы иш алып барып эле кийин жоголуп кетишти. Мен ошону кызыгып сурап көрсөм, көрсө анын себеби инвесторлордон  баягы коррупцияга малынган чиновниктер өз «үлүшүн», андан өтүп «каралар» да өз «үлүшүн» талап кылып, эки жактан болгон кысымга чыдабай чет элдик ишкерлер кетип калышкан.   Андыктан, эч бир инвестор мындай 2 тараптуу кысымга чыдабайт. Ошол учун мындай көрүнүштөр кайталанбашы керек.

- Учурда Кыргызстандын ар бир аймагынын өзүнө гана тиешелүү  бренди бар десек жаңылышпайбыз. Бирок тилекке каршы, бул иш жеткиликтүү түрдө колго алынбагандай ойду пайда кылат

-Туура айтасыз, биз ириде Кыргызстанды өнүктүрүү  үчүн, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү үчүн класстердик өнүгүүгө  басым жасашыбыз керек. 

Мисалы, Нарынды баарыбыз билебиз,  мал чарбачылык абдан өнүккөн.  Ат -Башынын эти Казакстандын түндүгүнө чеийин жетип, казактар сүйүп жеген эт. Биз ошого көбүрөөк көңүл буруп, ал этти иштетип чыгаруу жолун да  колго алышыбыз керек.

Ыссык-Көлдө жайкы, кышкы туризм өнүккөн.  Андан тышкары Жети –Өгүз сары өрүктүн мекени деп эсептелип, жыл сайын ал жакта «Сары кыздын тою» өтөөрүн баарыбыз билебиз.

Таластын төө буурчагы отуздан ашуун өлкөгө экспорттолуп жатат. Жалал –Абаддын Аксысында кара өрүктү атайын буюртма менен алып кетишет. Арсланбоптун жаңгагын билбеген киши жок. Ошко барсак, Өзгөндүн күрүчү  өзүнчө бренд, Кадамжайдын кокон гиласы бар. Баткенде «кандек» өрүгү, Ак-Турпак күрүчү.

Башкача айтканда, Кыргызстандын ар бир аймагында киреше алып келүүчү өзүнүн башка аймакка окшобогон өзгөчөлүгү, орусча айтканда «изюминкасы» бар. Эгерде биз ошол өзгөчөлүктөргө басым жасап, аларды андан ары  өнүктүрүп, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга көмөктөшүп, өндүрүлгөн продукцияны сыртка сатсак, элдин жашоосу оңолуп, жана чоң көйгөй болгон ички жана сырткы миграция маселесин да чечкен болоор элек.

Ушул жатта иш алып барсак, Кыргызстандын ар бир региону валюта алып келүүчү экономикага чоң салым кошуучу тармакка айланат.

Ал үчүн Кыргызстандагы баардык бийлик бутактары бирдиктуу иш алып баруусу керек. Мыйзам чыгаруучу орган – парламент өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мыйзамдарды кабыл алса, аткаруу бийлиги алардын аткарылышын көзомөлдөп, ишке ашыруусу керек. Мына ошондо иш орундары түзүлүп, жана биз айтып жаткан ички жана сырткы миграциясы да чечилип, өлкөбүз өнүгөт.

Кызыктуу маегиңизге рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekov-kyrgyzstandyn-ar-bir-ajmagynda-znn-brendi-bar-any-nktrsk-lkbz-ngt



Добавить комментарий