Чындыгында эле биздин чачтардын жаны жок болобу?

10 декабря 2019 11:09 3459 Barometr
Поделиться в:
ok

Чачтын өңү бузулуп, жалтырак касиетин жоготуп, өсүү процесси өтө эле жай, учтары ачакей, бат-бат түшүү сыяктуу маселелерге кабылбаган адам кандай бактылуу. Андайлар чачынын ден-соолугу боюнча кам санабай эле койсо болот. А башкаларыбыз кантебиз? Бир талашсыз, далилденген факт бар: биздин чачтар чындыгында өлүү.

Биздин чачтар- бул мүйүз материалы, анын курамында 98% креатин, протеин субстанциясы, күкүрт жана микроэлементтер. Бирок, эң кызыгы ага убагында кам көрүп турса чач таң калыштуудай кооз болуп көрүнүп турат.

Ойлонсок эгер биздин  чачтар чындыгында жаны жок болсо, анда аларды жашартууну кандай кылсак болот? Ал үчүн чачтардын кам көрүүсүнө арналган кымбат баалуу каражаттарды колдонуу жетишсиз. Жана мындай каражаттар өңүнөң азыган чачтарга дайым эле жардам бере бербейт. Элдик каражаттар да пайдасыз.  Анткени, бул каражаттын баары сыртынан гана таасирин тийгизет.

Чачтын сулуулугуна жана баштын терисинин абалына терс таасирин тийгизген факторлор:

1.Күндүн ультрафиолет нуру;

2.Тузду кабыл алуу, туздар;

3.химикалык боектор;

4.темир тарактар;

5. ашыкча хлордон суу, деңиз суусу;

6.Кеңседеги кургак аба;

7. Дем алдырбаган, тыкыс баш кийимдери;

8.Катуу кармаган чач резинкалары, заколка. Чачты түйүп, өрүп алганда бошураак таштоо керек,  бир жагынан саркеч да көрүнүп калсыз, азыр мода.

 Жыйынтыктап карасак  эч кандай анализдери жок эле, болгону сиздин чачыңызды эле карап туруп, сиздин ден соолугуңуз тууралуу, жашоо образ, бүтүндөй абалыңыз тууралуу айтып койсо болот.

Дагы анча деле маанилуу эмес бир нече факторлор:

1.Шампундун составына көңүл буруңуз. Жакшы шампундун курамында  формальдегид, лауретсульфат натрий  жана диоксан сыяктуу компоненттер жок болот.

2.Алкоголдук ичимдиктерди, пивону газдалбаган таза сууга алмаштырыңыз. Чыгым чегүүнү азайтып, чачты курч күндүн нурунан, катуу кыскан таңмалардан коргоңуз.

3.Убакыт таап чачты, башта массаж кылып туруңуз. Сиздин щеткаңыз дайым таза жумшак болушу керек.Темир таракты мүйүз же жыгач тырмоолорго алмаштырыңыз.

Ушул тартиптерди сактасаңыз  сиздин чачыңызды жалтыратып, ден соолугун бекем кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/chyndygynda-ele-bizdin-chachtardyn-zhany-zhok-luu-bolot



Добавить комментарий