Депутаттар Кыргызстандын Катар өлкөсүндөгү элчиси кызматына Чыңгыз Ишенбековдун талапкерлигин жактырды
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Катар өлкөсүндөгү элчиси кызматына Чыңгыз Ишенбековдун талапкерлигин жактырды. Мындан чечим комитеттин бүгүнкү, 10-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды.
Анын талапкерлиги Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тарабынан көрсөтүлгөн. Ишенбеков буга чейин Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси болгон.
Кыргызстандын Катар өлкөсүндөгү элчиси кызматын буга чейин Нуран Ниязалиев аркалаган. Ал ушул жылдын февраль айында Тышкы иштер министринин орун басары болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ishenbekov-katar-lksn-elchi-boluuga-talapker
Добавить комментарий ×