Чыңгыз Айтматовдун жубайы каза болду
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер, журналист Ассоль Молдакматованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, Мария Айтматова бүгүн, 20-апрель күнү коронавирус илдетинен улам каза болгон.
Эске сала кетсек, буга чейин, Элдар Айтматовдун жубайы Сабира Айтматова бүт үй-бүлөсү менен коронавирус илдетин жугузуп алып ооруп жатышканын жазган.
"Үй-бүлөбүз менен оорудук. Дарыгерлер бизге дары-дармектерди жазып берип, кыймылда болушубуз керек экенин айтты. Азыр тамак ооруп, алсыроо, баш оору активдүү болууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Эки жумага үйдөн чыкпай, обочолонуп туруубуз керек экен", - деп жазган.
Мария Айтматова 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган. Залкар жазуучу экөөнүн артында Элдар жана Ширин аттуу эки баласы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajtmatovdun-zhubajy-kaza-boldu
Добавить комментарий ×