Чыңгыз Айдарбеков КР Улуу Британиядагы элчилине Эдил Байсаловдун талапкерлигин сунуштады

27 мая 2019 17:28 1699 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министирлиги Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчисине талапкер катары Эдил Байсаловду сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Barometr.kg редакциясына Тышкы иштер министирлигинин парламенттик төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев билдирди.

Нурбаевдин айтымында Байсаловдун талапкерлигин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сунуштаган.

Ал эми ТИМден расмий документ тапшыруу аземи 24-майда парламентте кароого киргизилди.

Депутат редакциянын суроолоруна жооп берип жатып элчилик кызматка Байсаловдон башка талапкер жок экенин жана анын гана талапкерлиги каралаарын кошумчалады.

"Документте ТИМ эмне үчүн Байсаловдун талапкерлигин көрсөткөнү так аныкталган эмес. Бирок эртең депутаттар министрден баардыгын билип алышат", - деди депутат.

Ага кошумча эртең Кыргызстандын Белорусиядагы элчисине Эрмек Ибраимовдун талапкерлиги да каралаарын билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Беларусиядаг элчилеринин орундары бүгүнку күндө бош.

Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajdarbekov-kr-uluu-britaniyadagy-elchiline-edil-bajsalovdun-talapkerligin-sunushtady



Добавить комментарий