Чыгаан кинорежиссёр Геннадий Базаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюулду

7 февраля 2023 14:38 977 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын бири Геннадий Базаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин маалыматына таянып “Барометр” маалымдайт. 

Бүгүн, 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти,  2-даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Базаров Геннадий Садырович акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият анын ичинен кино тармагынын өкүлдөрү, Геннадий Базаровдун жакындары жана күйөрмандары катышты.

Ошондой эле, анын өзгөчөлүгү - кеңири чыгармачылык диапазондо болгонун, ал таланттуу кинорежиссер, коюучу, сценарист, прозаик, теле алып баруучу гана эмес эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, ал тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын,  заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турганын айтты.

Эске салсак, Геннадий Базаров кечээ, 6-февралда каза болгон, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Ссылка: https://barometr.kg/chygaan-kinorezhissyor-gennadij-bazarovdun-sg-ala-archa-krstnn-koyuuldu



Добавить комментарий