«Чужой» жана «Бегущий человек» тасмаларынын жылдызы Яфет Котто каза болду

16 марта 2021 16:41 3406 Barometr
Поделиться в:
ok

82 жаш курагында америкалык актер Яфет Котто каза болду. Бул тууралуу 16-мартта фейсбук баракчасына анын жубайы Тесси Синахон жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Айрым кинолоруңда терс каармандардын ролун ойногонсуң, бирок мен үчүн жана көптөгөн адамдар үчүн чыныгы баатыр болуп калдың", - деп жазган актердун жубайы.

Коттонун жубайы актер 13-мартта көз жумганын жазган. Бирок, анын өлүмүнүн себептерин айткан эмес.

Яфет Котто 1939-жылы Нью-Йоркто туулган. Ал 24 жашында тасмаларда рол ойноп баштаган. 1973-жылы Яфет терс каармандын ролун жараткан «Живи и дай умереть» тасмасынан кийин жылдызы жанган. Ошондой эле, көрүүчүлөр актерду «Чужой», «Бегущий человек» жана «На той стороне 110-й улицы» тасмалары аркылуу билишет.

Ссылка: https://barometr.kg/chuzhoj-zhana-begushij-chelovek-tasmalarynyn-zhyldyzy-yafet-kotto-kaza-boldu



Добавить комментарий