Чуңкурчак капчыгайында жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду

25 января 2019 15:37 810 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Чүй облусуна караштуу Арашан айылындагы жол кырсыгында бир киши унаа кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 24-январда саат 15:30 чамасында болгон. Унаа Чуңкурчак капчыгайы тарапка бара жатканда айдоочу рулду башкара албай 100 метр тереңдиктеги жарга кулап кеткен. Алган жаратынан улам айдоочу ошол жерден каза болгон. Унаанын ичинде башка адам болгон эмес.

Учурда кырсык боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chukurchaka-kapchygajyndagy-zhol-kyrsygynan-bir-adam-kz-zhumdu



Добавить комментарий