Чубак ажы Жалилов: парламенттик шайлоого балким катышып калам

24 февраля 2020 14:24 1756 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык мурдагы муфтийи, дин аалымы Чубак ажы Жалилов “Марал.FM” радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып, күздө боло турчу парламенттик шайлоого катышып, катышпоону убакыт көрсөтө турганын айтты.

“Эгер барып калсам албетте сөздөрдү туура окуйт элем. Эми бул убакыттын иши, эгерде ошол жакка барганда азыркыдан дагы көбүрөк пайда келтире турганга көзүбүз жетсе анда аракет кылабыз. Эгер ал жакка барбай ушул чөйрөдө кызмат кылуу пайдалуурак болсо ушундай кылабыз. Сөз элге жерге пайда тийгизем деген нерсенин тегерегинде болушу керек. Молдо деген мечитте отуруп алганы шарт эмес. Өз убагы келгенде карап көрөбүз. Эмне үчүн саясат бирөөнүн энчиси болуп калышы керек? Эмнеге атадан балага чейин саясатчы боло бериш керек дагы карапайым эл карапайым болуп кете бериш керек? Андай болбошу керек, жаңы адамдар чыгып иштеш керек”, — деди Жалилов.

Ал ошондой эле депутаттардын негизги иши элдин келечеги үчүн, Кудайга жага тургандай туура мыйзамдарды чыгаруу аны көзөмөлдөө экенин эске салды.

“Депутаттар азыр мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө дегенден сыртка чыгып эле чөнтөктөрүнө бирден кайчы салып алып, лента кырккыч болуп кетти. Азыр парламенттегилер “мени шайла” деп айыл шаар кыдырып кетип калыптыр. Булардын айлыгы кандай болот, арам да”, — деп ал суроо салды.

Чубак ажы Жалилов ошондой эле шайлоодо добушту тааныш-билиш, тууган-урук деп сатпай, колдон келишинче адилеттүү, таза адамдарды шайлап, кийин ошолордон кандай иштерди жасадың деп талап кыла билүү учурдан маселеси экенине токтолду.

“Кээ бир депутаттар булбул болуп сайрап жатат, беш жылда эмне кылды? Эшек деле такалаган жок да. Беш жыл эмне кылдың деп сураш керек. Кантип келгенин эми  бир Кудайым билет. Ошентсе да беш жылда кандай мыйзам жазып, пайда келтирдиң деш керек”, — деди ал.

Мурдагы муфтий өз сөзүндө депутат болуп келем дегендердин айрымдарына “сен барбай эле кой эми, андан көрө заочный болсо дагы оку, илимиңди өркүндөт, тамга тааныбайт экенсиң” деп кеңеш берсе дагы болорун айтты.

Элге сөз эмес иш керек экенин баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhy-zhalilov-parlamenttik-shajloogo-balkim-katyshyp-kalam



Добавить комментарий