Чубак ажы Жалилов Аалымдар Кеңешинен кетүү үчүн арыз жазды
Поделиться в:
Чубак ажы Жалилов Аалымдар Кеңешинен кетүү үчүн КМДБ АК Төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин атына арыз жазды.
«Урматтуу бир туугандар! Мен Жалилов Чубак ажы, Аалымдар Кеңешинен өз ыктыярым менен арызымды жазып, аманатты тапшырдым. Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар Кеңешинин Төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм. Кудайым ооматтан оодарбасын. Оомийин. Аллах Таала элибизге бакыбат ыйман, бардар жашоо, ынтымак-ырыскы насип этсин"», - деп Чубак ажы билдирүүсүн калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhy-zhalilov-aalymdar-keeshinen-ket-chn-aryz-zhazdy
Добавить комментарий ×