Чубак ажы ызы-чуу болгон Зеренин клибин колдогон пикир айтты

26 сентября 2018 20:45 2413 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Экс-муфтий Чубай ажы Жалилов "Кыз" аттуу ыры менен коомчулукту экиге бөлгөн Зеренин клиби тууралуу жергиликтүү теле каналдардын бирине берген маегинде өз оюн айтты. Анын айтымында Зере клибинде эч кандай таңкалыштуу эч нерсе жок. Болгону Зере азыркы жашоонун сурөтүн көрсөтүп берди дейт. 

Бул клипти көрбөдүм эле, элдин баары айтып жаткандан кийин көрүүгө аргасыз болдум. Зеренин "Кыз" деп тартылган ырында азыркы Кыргызстандын абалы баяндалыптыр. Бизде жылаңач деле, жоолукчан деле жүргөндөр бар. Бүгүнкү жашоо ошол, биздеги картина. Ага эмнеге чычалаш керек? Көчөгө чыксаң ошол эле картина турат.  Зере муну телевизордон көрсөттү бул чындык, деген мааниде жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/chubak-azhy-yzy-chuu-bolgon-zerenin-klibin-koldogon-pikir-ajtty



Добавить комментарий