"Run the Silk road" марафонуна 27 өлкөдөн спортчулар катышууда

13 мая 2019 09:30 1096 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Чолпон-Ата шаарында эл аралык "Run the Silk road" марафону  кечээ, 12-майда старт алды.

Марафондун катышуучулар 42 км, 21 км, 10 км жана 3 чакырымга чуркашат. Спорттук иш-чара Чолпон-Атадагы ипподромдо саат 9:00дө старт алды. Ага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн келген 3 миңге жакын адам катышууда.

Иш-чаранын ачылышында президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан чыгып сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоевалар сөз сүйлөштү.

Марафонго бардык каалоочулар катышууда. ШКУ марафонунун байге фонду 2 млн. 790 миң сом.

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-ata-shaarynda-run-silk-road-marafonu-bashtaldy



Добавить комментарий