Чолпон-Ата шаарында 16 жаштагы бала сууга чөгүп, каза болду

27 мая 2021 11:24 2001 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Чолпон-Ата шаарында 16 жаштагы бала сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Алтын-Балалык жаш балдардын ден-соолугун чындоо борборунда эс алып жүргөн бир бала (аты-жөнү такталууда) көлгө чөгүп кеткен. Ал 2005-жылы туулган өспүрүм”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жерине ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.Алар көлдүн жээгинен  баланын жансыз денеси табып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-ata-shaarynda-16-zhashtagy-bala-suuga-chgp-kaza-boldu



Добавить комментарий