“Чоң казаттын” аракетине тынчсызданган күч органдары. Маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү

13 мая 2020 15:09 20613 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Чоң казат” кыймылынын иштери боюнча видеолор учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы аракеттерди көрүп жатабы деп суроо салды.

“Чоң казат” уюму социалдык тармактарды дүңгүрөтүп жатат. Бир саясатчынын макаласына да анча киши кирбейт. Алардын билдирүүлөрүн 100 миңден 300 миңге чейин окуп жатышат. Азыр айыл-айылда чоң казатка чакырып жүрүшөт. Ошолордун айткандары, жасап жаткандары туурабы, же туура эмеспи?” – деген суроо менен УКМКнын башчысы менен өкмөт башчыга кайрылды.

УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев бул боюнча экспертиза өткөрүү керектигин айтып, бул иш аларда эмес финполицияга жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Өз кезегинде экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлеккеттик кызматынын башчысы Бакир Таиров кечээ күнү аларга материалдар Башкы прокуратурадан катталып келгенин, бүгүн жумуштар башталганын айтты. 

Депутат Руслан Казакбаев кесиптеши Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерип баштоо эмненин негизинде болуп жатканына кызыкты.

Ага Бакир Таиров материалдар Башкы прокуратурадан келгенин гана айта алды.

“Бизге катталып келген, текшерүү иштери башталды, карап көрөбүз. Азырынча эч нерсе деп айта албайм”, — деди Таиров.

Бул жоопко Казакбаев канааттанбай, укук коргоо органдары эл көтөргөн башка маселелерди да угушу керектигин айтты.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык аракеттер мыйзам талаасында иштеши керектигине токтолду.

“Кандай болбосун, эгер фактылар болсо, жарандардын кайрылуусу болсо иштесек болот. Чогулуп алып өзүм билемдик кылган туура эмес”, — деди өкмөт башчы.

Ал эми Казакбаев текшерип жаткандарга бардыгын мыйзам чегинде жасоого чакырып, бул аракеттер бир нерсенин башталышы гана экенин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-kazattyn-kyjmylyna-tynchsyzdangan-kch-organdary-masele-zhogorku-keeshte-dagy-ktrld



Добавить комментарий